Абдыкеримов Урматбек Амантурович

Абдыкеримов Урматбек Амантурович

Биография

Абдыкеримов Урматбек 1982-жылы 26-январда Нарын шаарында туулган.

1998-2003-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Экономика жана финансы” факультетин бүтүргөн. 

Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда башкы адис, кийинчерээк жетекчилик кызматты аркалаган. 

2005-2009-жылдары- “JQ Company” ЖЧКнын директорлук кызматын аткарган.

2010-жылы Бишкек шаарынын мэриясында эмгектенип, автобазанын жетекчисинин орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн. 

2011-2015-жылдары «Ремстроймост» ЖЧК курулуш компаниясынын жетекчиси, кийин «Водоканалстрой» ЖЧКда  иштеген. Учурда аталган мекеменин техникалык директорунун милдетин аткарат.

Бишкек жана Талас шаардык кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамоталары ж.б. көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.

Абдыкеримов Урматбектин Жогорку Кеңешке баруудагы эң башкы максаты салык жана пенсия мыйзамдарын өркүндөтүү болуп саналат. 

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ