Айдаралиев Эрнис Шарабидинович

Айдаралиев Эрнис Шарабидинович

Биография

Айдаралиев Эрнис Шарабидинович 1985-жылы 4-февралда Ош облусунун Алай районунда жарык дүйнөгө келген. 

Эки жогорку билимдин ээси. Юридика багыты боюнча Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен билим алса, Кыргыз мамлекеттик курулуш, таранспорт жана архитехтура университетинен экономика тармагын окуган. 

2011-2014-жылдары Мамлекеттик салык кызматында иштеген. 

2018-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу “мамлекеттик имараттар департаменти” мамлекеттик мекемесинде эмгектенет.

Ал саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында эмгек шарттарын жана материалдык стимулдарды жакшыртуу жолу менен жаш квалификациялуу адистерди тартуу зарыл деп эсептейт. Ошондой эле Жогорку Кеңешке баруу аркылуу мал-чарбачылыгы жана айыл-чарба тармагына реформаларды жүргүзүүнү ниет кылууда. 

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ