Айжигитов Султанбай Абдрашитович

Айжигитов Султанбай Абдрашитович

Биография

Айжигитов Султанбай Абдрашитович 1958-жылы 27-майда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Караван айылында туулган.

1977-1983-жылдары Рига Кызыл Туу граждандык авиация инженерлер институтунда билим алган. 1999-2003-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика багытында билим алган.

Эмгек жолун 1983-1987-жылдары “Манас” аба майданында инженер катары иштөөдөн баштаган. 1987-2000-жылдар аралыгында Кыргызстан Коопсуздук мамлекеттик органында кызмат кылган. 2000-2003-жылдары Баткен облусунун губернаторунун кеңешчиси, 2005-2008-жылдары Баткен облусунун губернатору болгон. Кийинчерээк, аталган кызматка кайрадан шайланган.

2005-2008-жылдары “Баткен”авиакомпаниясынын башкы директору кызматын аркалаган. 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болгон. 2012-жылдан бери коомдук ишмер.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ