Акматов Темирлан Рысбаевич

Акматов Темирлан Рысбаевич

Биография

Акматов Темирлан Рысбаевич, 1982-жылы 12-июнда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Бакыян айылында туулган.

 2005-жылы Бишкек музыкалык педагогикалык окуу жайын жана 2009-жылы Кыргыз Билим берүү академиясын бүтүргөн. 2014-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун философия илимдери боюнча аспирантураны ийгиликтүү аяктаган. Учурда Кыргыз-Казак университетинде юридика багыты боюнча билим алууда. 

Акматов Темирлан эмгек жолун 2006-жылы “Эл Агартуу” журналында бөлүм башчылык кызматы менен баштаган. 2007-жылы  ЖЧК «Самих Ферсан» фирмасынын директорунун орун басары, 2006-2018-жылдары «Дил мүрөгү» адеп-ахлак жана маданият борборунун уюштуруу менеджери кызматын аркалаган. “Манас Жаңырыгы”, “Кыргызстан Жаштары” ж.б. массалык маалымат каражаттарында эмгектенген. 

 Көптөгөн  эл аралык тренингдердин катышуучусу. Жаштар министрлиги жана  Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги тарабынан мактоо баракчалары менен сыйланган. “Келечек жаштары”,”Ыйман” коомдук фонддорунун жана Казак-кыргыз элдеринин ынтымагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызстандагы Казактардын ассоциациясынын Ардак грамоталарына татыган. 2016-жылы  “Кыргыз Туу” гезитинин мыкты журналисти деп табылган. 

Учурда «Марва ТВ» каналындагы «Жаштар сүйлөсүн» программасынын продюсери жана  «Дил-Мүрөгү» коомдук кайрымдуулук фондунун мүдүрү. 

Ал  Жогорку Кеңешке баруу аркылуу калктын жумушсуздугун азайтууга, жашоо сапатын жогорулатууга жол ача турган мыйзам долбоорлорун сунуштоого даяр. Ошондой эле коомдун  аялуу катмарына камкордукту жогорулатууну, жаштардын  туура социалдашуусуна түртку боло турган мыйзамдар менен иштөөнү максат кылууда. 

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ