Ашимова Динара Ашимовна

Ашимова Динара Ашимовна

Биография

Ашимова Динара Ашимовна- 1973- жылы 3-февралда Ош облусуна караштуу Кызыл-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. 

1995-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин юридика факультетин ийгиликтүү аяктаган. Магистратура багыты боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясынан билим алган. 

Эмгек жолун 1996-жылы “Сортсемовош” мамлекеттик ишканасында юрист катары баштаган. Бир нече жыл Жалал-Абад, Ош облусунун прокуратураларында кызмат кылган. 

2006-2007-жылдары Бишкек шаарынын Биринчи Май жана Ленин райондорундагы прокурордун орун басары кызматын аркалаган.  

2008-2015-жылдары  Чүй облусунун прокуратурасында коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон. 2016-жылдан бери “Глобал консалтинг” юридикалык компаниясынын директору.

Ашимова Динара укук тармагынан сырткары коомдук иштерге дагы активдүү катышат. Ал Кыргыз ат-эрөөлдөр федерациясынын президенти, “Алтай Форумунун” ардактуу мүчөсү, бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээси. 

Бир нече жылдан бери укук тармагында эмгектенген талапкерибиз Жогорку Кеңешке баруу аркылуу укук коргоо жана тескөө органдарын реформалоону жана креативдик экономика жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды жазууга даяр. Негизги урааны: “Мыйзам катуу, бирок бул-мыйзам”.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ