Базарбаев Сагынбек Төлөнбаевич

Базарбаев Сагынбек Төлөнбаевич

Биография

Базарбаев Сагынбек Төлөнбаевич Ош облусунун кулуну. 1976-жылы 12-ноябрда Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылында жарык дүйнөгө келген. 

1999-жылы Баткен облусуна узак мөөнөттүү аскер кызматына чакырылып, согуштук аракеттерге катышкан. Катардагы жоокерден баштап, чек ара постунун башчылык кызматына чейин көтөрүлгөн.

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө “10 жыл”, “Чек ара коргоодогу артыкчылыгы үчүн”медалдарынын ээси. Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыраазычылык каты менен сыйланган. 

Учурда дыйканчылык жана мал-чарбачылыгы менен алектенет. 

Базарбаев Сагынбек шайлоого катышуу аркылуу элдик нарк-насилди, активдүү жана адептүү жарандык коомду даңазалоону максат кылат.  Фермерлердин, дыйкандардын өздүк жана профессионалдык билимин жогорулатууга, алардын иштөө шарттарын жакшыртууга багытталган стратегияларды сунуштоого даяр. Негизи урааны: «Ар бир жарандын эмгеги акталып, бааланууга тийиш».

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ