Бекботоев Темирлан Сарымсакович
- Талапкердин номери
- 23
Биография
Бекботоев Темирлан 1983-жылы 10-октябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жарык дуйнөгө келген.
2000-2005-жылдары Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетинде билим алган.
2007-2010-жылдары Москва шаарындагы Биринчи кесиптик университетинин “Юриспруденция” тармагын бүтүргөн.
Эмгек жолун 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Мамлекеттик геология агенттигинин” геологиялык жана экономикалык изилдөөлөрдүн кыргыз методикалык экспедициясында 1-категориядагы инженер катары баштаган.
2009-2012-жылдары Москва шаарында “Мекенчил жаш” маалыматтык-аналитикалык гезитин негиздеген.
2012-2016-жылдары «Мекенчил жаш» коомдук бирикмесинин жетекчиси болгон. Кийинчерээк, “Мекен инфо” маалыматтык-аналитикалык гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору болуп эмгектенген.
2016-2019-жылдары «Мекен Үчүн» саясий партиясынын төрагасы, 2020-2021-жылдары «Акжол ТТ Компани» мекемесинин башкы директору болуп иштеген.
Бир нече жылдан бери коомдук чөйрөдө эмгектенип келе жаткан талапкерибиз Жогорку Кеңешке баруу аркылуу өлкөнүн коомдук жана өндүрүштүк тармагына салымын кошууну максат кылууда.
Бөлүшү
Башка талапкерлер
АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ
