Жамангулов Жоомарт Кубанбекович

Жамангулов Жоомарт Кубанбекович

Биография

Жоомарт Жаманкулов Бишкек шаарынын тургуну. 1992-жылы 1-декабрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. 

2011-2016-жылдары К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде финансы-кредит багыты боюнча билим алган. 2018-2019-жылдары КРнын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында “Мамлекеттик башкаруу” боюнча магистратураны ийгиликтүү аяктаган. 2017-жылдан бери К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “дене тарбия машыктыруучусу” адистиги боюнча окуп жатат. 

2011-жылы өткөрүлгөн Каратэ-до боюнча Дүйнөлүк Чемпионаттын коло байгесинин ээси. Эмгек жолун дагы 2012- жылы Ысык-Көл облусунун Каратэ-до Федерациясында машыктыруучу катары баштаган. 2019-жылы «Ысык-Көл жаштар биримдиги» коомдук фондунун жетекчилик кызматын аркалаган. 2020-жылы Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Нооруз” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болгон. 

Жоомарт Жаманкулов кайрымдуулук менен жөнөкөйлүктү биринчи орунга коёт. Анын ою боюнча ар бир жаран өлкө үчүн кызмат кылууга милдеттүү жана аракети аркылуу баардыгына өрнөк болууга тийиш!

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ