Жумабаева Мунира Ашимовна

Жумабаева Мунира Ашимовна

Биография

Жумабаева Мунира 1977-жылы 19-январда Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулган. 

1994-2000-жылдар аралыгында Ош мамлекеттик университетинде билим алган.

Эмгек жолун 2003-жылы Кара-Суу социалдык фондунан баштаган. 2008-2011-жылдары Ысык-Ата мэриясында кызмат кылган. 2011-2018-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын бир нече райондорундагы Социалдык фонддордо адис катары эмгектенген. Учурда Бишкек шаарында жеке ишкердик менен алектенет.

 

Жумабаева Мунира өз ишин мыкты билген адис. Мамлекеттин социалдык фондуна кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан берилген  Ардак грамотанын ээси.

Жогорку Кеңешке баруу аркылуу социалдык маселелерди жакшыртууну, өзгөчө ардактуу жарандарыбыздын пенсия маселесине басым жасоону максат кылууда.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ