Казматов Канат Кубанычбекович

Казматов Канат Кубанычбекович

Биография

Казматов Канатбек 1984-жылы 4-сентябрда Бишкек шаарында туулган. 2001-2006-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинин юриспруденция факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 2006-2010-жылдары аталган окуу жайда аспирантурасын бутургон.

Эмгек жолун 2006-2008-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинде окутуучу катары баштаган.

2008-2009-жылдары Казакстандагы  «KAROMAX» ЖЧЖсында юрист-менеджер, 2010-жылы аталган мекеменин тышкы иштер бөлүмү боюнча директору болгон.

2011-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде юрист;

2013-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын эл аралык жарандык транспорт тармагындагы “ачык асман” саясатын мыйзамдуу ишке ашыруу боюнча GIZдин жергиликтүү консультанты, ошол эле жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде депутаттын жардамчысы катары эмгектенип, мыйзам долбоорлорун жазуу менен алектенген.

2015- 2016 жылдары эркин юрист-консультант;

2016-2019-жылдары “Кыргызалтын” ишканасында эмгектенип, юридика башкармалыгынын жетекчиси кызматында иш алып барган.

2020-жылы «Kazmatov & Partners LLP» ЖЧКсынын негиздөөчүсу.

Учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу халал-индустриясын өнүктүрүү борборунда юрист катары эмгектенүүдө.

Казматов Канат 20дан ашык конференциялардын катышуучусу, Эл аралык кылмыш сотунун алкагында мамлекеттин суверенитети проблемасына арналган илимий макаланын автору.

Америкалык адвокаттар ассоциациясы тарабынан каржыланган Филипп Джессуп Кубогунун эки жолку жеңүүчүсү, бир нече сыйлыктардын ээси.

Мамлекеттик органдарда жалпысынан 20дан ашууун ар кандай комиссия, жумушчу топтордун катышуучусу.

Бир нече жылдан бери укук тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан талапкерибиз Жогорку Кеңешке баруу аркылуу өлкөнүн өнүгүшү жана гүлдөшүнө салым кошууну максат кылууда.

Уй-булолуу, 3 кыздын атасы

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ