Кайыпов Замирбек Саякбаевич

Кайыпов Замирбек Саякбаевич

Биография

Кайыпов Замирбек 1978-жылы 8-декабрда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.

1996-2001-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетиндеги(азыркы КУУ)  адистерди даярдоо институтун бүтүргөн. 2003-2005-жылдары Москва ишкердик жана укук институтунда “Юриспруденция” адистигин ийгиликтүү аяктаган.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл” юбилейлик медалынын ээси.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Ардак грамотасы жана башка көптөгөн сыйлыктарга татыган. 

1999-2002-жылдары – Кредиттик союздун комитетинин төрагасы болгон. Кийинчерээк, Бишкек шаардык мэриясынын райондук администрациясында башкы адис катары эмгектенген.

2004-2007-жылдары  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин  башкы кызматкери, финансы -экономика бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде эксперт катары иш алып барат.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ