Камалов Эрлан Токтоназарович

Камалов Эрлан Токтоназарович

Биография

Камалов Эрлан 1978-жылы 13-апрелде Ош шаарында туулган.

1994-1998-жылдары Ош технологиялык университетинин финансы-экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1998-жылы  Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалындагы “Экономика” кафедрасында окутуучу болуудан баштаган.

2000-2003-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин менеджмент жана бизнес факультетинин деканынын орун басары,  2003-2009-жылдары ОшМУнун улук окутуучусу жана “Экономика жана салыктар” кафедрасынын башчысы болгон.

2014-2015-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин магистратура департаментинин директорлук кызматын аркалаган.

2015-2016-жылдары Ош мамлекеттик университетинин “Эл аралык мамилелер” бөлүмүнүн башчысы, көп өтпөй аталган бөлүмдүн деканы болгон.

2018-2020-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин 80 жылдыгын уюштуруу комитетинин башчысы жана “Эл аралык мамилелер” кафедрасынын доценти болуп эмгектенген.

Учурда аталган окуу жайдын “Улуттук жана эл аралык рейтингдер” кафедрасынын башчысы.

Камалов Эрлан экономика илимдеринин кандидаты, доцент. Бир нече эл аралык конференциялардын катышуучусу жана мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ