Камбаров Талант Бекенович

Камбаров Талант Бекенович

Биография

Камбаров Талант Бекенович 1965-жылы 15-сентябрда Ош облусунун Сузак районуна караштуу Карамарт айылында жарык дүйнөгө келген. 

1983-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтунун зооинженердик факультетине тапшырган.  1997-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Юриспруденция” факультетин бүтүргөн. 2003-жылы КРнын Ички иштер министрлигинин академиясын аяктаган. 

Эмгек жолун 1988-жылы Сузак совхозунда зооинженер катары баштаган. 

1991-1993-жылдары Жалал-Абад соода-даярдоо өндүрүш базасында иштеген.

1993-2020-жылдары КРнын Ички иштер министрлигинде кызмат кылган. Учурда ИИМдин ардактуу пенсионери.

 Камбаров Талант Бекенович «ИИМнин мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси. КРнын Ички Иштер Министрлигинин «Ардак» , «Кадырман», «Ички коопсуздук кызматынын мыкты кызматкери» сыяктуу бир нече медалдар менен сыйланган.

Бир нече жыл укук коргоо органдарында иштеген талапкерибиз өлкөнүн келечеги үчүн иштөөгө даяр. Ал үчүн Укук коргоо органдарын реформалоодон баштоону сунуштайт.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ