Караш Сато Насер

Караш Сато Насер

Биография

Караш Сато Насер 1979-жылдын 4-сентябрында Ош шаарында туулган. 

2002-жылы Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн. 

2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын жардамчысы, 2012-2013-жылдары Бишкек шаардык башкармалыгында кызматкер болуп эмгектенген. “Жаштарды өнүктүрүү Институту” коомдук бирикмесинде, Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунда ж.б. көптөгөн мекемелерде юрист катары иштеген.

 2019-2020-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын Экономика жана инвестиция департаментинде директордун орун басары болгон.

 Учурда Кыргыз Республикасынын Инвестиция министрлигинде укуктук колдоо жана экспертиза бөлүмүнүн адиси.  

Караш Сато Насер  КРда мыйзамдуулуктун үстөмдүгү, билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо тууралуу долбоорлордун авторлорунун бири.

Талапкерибиз Жогорку Кеңешке баруу аркылуу мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү, инвестиция тартуу маселелерин чечүү жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн потенциалын чыңдоо сыяктуу бир нече иш-аракеттерди аткарууга камданып жаткан кези. 

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ