Куручбеков Аскарбек Бактыбекович

Куручбеков Аскарбек Бактыбекович

Биография

Куручбеков Аскарбек 1991-жылы 13-сентябрда  жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти Балыкчы жана Бишкек шаарларында окуган.

2007-2012-жылдары  Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин  «Энергетика менеджменти» факультетинде  билим алган.

2009- 2019-жылдар аралыгында «Dosoy group» студиясын жетектеген.  Бир нече көркөм тасмалардын режиссеру, эл аралык сыйлыктардын ээси болгон.

2019-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Социалдык суроолор боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын  орун басары кызматын  аркалаган.

«Press Ordo» медиа тобунун мүчөсү, “Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги айымдардын экономикалык коопсуздугун бекемдөө” долбоорунун авторлорунун бири.

Аскарбек Куручбеков- өз ишин мыкты билген кадр. Ал Бишкек шаардык кеңешинде иштеп турган учурунда көптөгөн көйгөйлөрдүн чечилишине жана аткарылышына салымын кошкон.

Мугалимдердин айлыгына көңүл буруу керектигин айткан талапкерибиз Жогорку Кеңешке баруу аркылуу билим берүүнүн сапатына көңүл буруп, маданият тармагына басым жасоону пландоодо.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ