Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич

Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич

Биография

1981-жылы 28-январда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган.

Жалал-Абад Коммерциялык институтунун “Экономика” факультетинин бүтүрүүчүсү.

2003-2007-жылдары “Азиз  КД” көп тармактуу өндүрүштүк айыл чарба кооперативинин жетекчиси болгон.

2007-2008-жылдары “Инэксимбанк” Жалал-Абад филиалынын кредиттик бөлүмүнүн  эксперти болуп эмгектенген.

2008-2013-жылдары “БТА банк”  Шамалды-Сай  № 42 сактык кассасынын жетекчилик кызматын аткарган.

2013-2016-жылдары Достук айылдык кеңешинин эки жолку депутаты болгон.

2013-2021-жылдары Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген.

 

Мамасадыков Замирбек бир нече сыйлыктардын ээси. Алсак:

2015-жылы Эркин-Тоо гезити “Жылдын мыкты айыл өкмөтү”,

2016-жылы  “Айыл   чарбасынын отличниги” төш  белгиси,

2017-жылы КР айыл  чарба жана  мелиорация  министирлиги тарабынан “Айыл чарба   тармагына   90 жыл” төш белгиси,

2018-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардактуу инсандары” коомдук бирикмесинин “Эл сүйгөн жетекчи” наамы жана төш белгиси,

2018-жылы   Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иштери жана этностор аралык мамилелер  боюнча мамлекеттик агенттигинин  «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз  алдынча башкаруунун  мыктысы”  төш белгиси,

2019-жылы Достук айыл өкмөтү жалпы мамлекеттик “Эң мыкты айыл өкмөтү”  сынагынын  жеңүүчү, 1 500 000  сом байге,

2019-жылы “Кыргыз туусу” гезити “Жылдын мыкты айыл өкмөтү”, “Ачык сөз” гезитинин “Жылдын чыгаан айыл өкмөт башчысы”,

2020-жылы Кыргыз Республикасынын “Даанышмандар жана жигердүүлөрдү колдоо коомдук бирикмелеринин ассоциациясы“ юридикалык жактардын бирикмесинин “Эл сүйгөн жетекчи” төш белгиси,

2020-жылы Эркин-Тоо гезити “Жылдын мыкты айы өкмөтү”,

2020-жылы Жетиген гезити “Жылдын мыкты айыл өкмөтү”,

2021-жылы Достук айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы,

2021-жылы “ИИМдин  Кыргыз милициясына 95-жыл” юбилейлик медалына ээ болгон.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ