Мукашев Эрмек Жайлообаевич

Мукашев Эрмек Жайлообаевич

Биография

Мукашев Эрмек 1979-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жарык дүйнөгө келген.   1987-1998-жылдары азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн негизделген республикалык мектеп –интернатында окуган.

1998-2003-жылдары Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу факультетинде билим алган.

Эмгек жолун 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунан баштаган.

2011-жылы «Второе зрение» коомдук фондунун президенти, 2013-жылы «SBT JAPAN» компаниясында менеджер болуп иштеген.  2014-2017-жылдар аралыгында  Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунда адис катары эмгектенген.

2017-жылдан бери «Кыргыз Республикасынын  майыптар арасындагы шахмат жана шашки боюнча ассоциациясы» коомдук бирикмесинин жетекчиси. «Интербилим» эл аралык лидерлер мектебинин жана Японияда өткөң  жаш лидерлерди окутуу программасынын катышуучусу.

“Онлайн белгилерди которуу борборун” түзүү боюнча долбоордун менеджери.

2017-2018-жылдары “Азиз жана дүлөйлөр кыргыз коомунун” борбордук башкармалыгынын  жетектөөчү адиси.  Учурда аталган коомдун Садовское окуу-өндүрүштүк мекемесинин директору.

2017-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында майыптар менен  иштешүү тобунун жана майыптардын укуктары боюнча БУУнун Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү.

2010-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын улуттук паралимпиада федерациясынын аткаруу комитетинин жана 2012-жылдан бери  JICA ассоциациясынын бүтүрүүчүлөрүнүн мүчөсү.

 

Бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээси. 2020-жылы ЖКга депутаттыгына, 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ