Муратбеков Табылды Муратбекович

Муратбеков Табылды Муратбекович

Биография

Муратбеков Табылды 1994-жылы 10-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган.

2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Эл аралык мамилелер” факультетин бүтүргөн.

2016-2017-жылдары Кытай Эл Республикасындагы Син-Цзян педагогикалык университетинен билим алып келген.

Эмгек жолун 2013-жылы  Кыргыз Улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграция институтунун “Студенттер илимий коомунун” төрагалыгынан баштаган.

2014-жылы “Work and Travel USA” программасына катышып, Америка Кошмо Штатында тажрыйба топтоп келген.

2015-2016-жылдары Кыргыз улуттук университетинин “Инсандык Өнүгүү” студенттик клубунун негиздөөчүсү жана төрагасы болгон.

2020-2021-жылдары Ысык-Көл облусунун Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы болгон. Учурда Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин жетектөөчү адиси.

“Кыргызстан жаш лидерлери”, “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө – эгемендүү Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи” ж.б. иш-чаралардын катышуучусу.

“Инсандык Өнүгүү”, “Китепкөй Ала-Тоо”, “Бир адамдан – бир китеп” ж.б. долбоорлордун негиздөөчүлөрүнүн бири.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Ысык-Көл облусунун Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталарынын ээси.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ