Окумалиев Расул Эркинбекович

Окумалиев Расул Эркинбекович

Биография

Окумалиев Расул Эркинбекович  1979-жылы 11-октябрда Чүй облусуна караштуу Адамүдүн районунда жарык дүйнөгө келген. 2004-2008-жылдары Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин менеджмент бөлүмүндө билим алган. 2010-2013-жылдары  журналистика багыты боюнча магистратурада окуган.

Эмгек жолун 2001-жылы “Даат” коомдук-саясий гезитинде кабарчы болуудан баштаган.

2006-жылы “Жаштар үнү” облустук гезитинде башкы редакторлук кызматты аркалаган.

2007-жылы “Айыл өкмөтү” гезитинин башкы редактору жана  коммерциялык директору болгон.

2007-2010-жылдары “Айыл турмушу”, “7-апрель”, “Жаштар. KG” жана “Student.KG” гезиттеринин башкы редактору катары эмгектенген.

2007-2010-жылдары Бишкек гуманитардык университетинин «Студиум БГУ» гезитинин башкы редактору жана учурда аталган окуу жайдын «БГУ лайф» гезитинин редактору катары иш алып барууда.

Окумалиев Расул  коомдук иштерге дагы активдүү катышат. Ал “Хабитат-Кыргызстан” эл аралык фондунун жана “Инициатива”  маалыматтык фондунун ыктыярчысы.

Ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаштык” улуттук программасы жөнүндө Чүй облусундагы Жарлыгын ишке ашырууда жетишкен ийгилиги үчүн берилген Ардак грамотанын ээси.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ