Раимбачаева Винера Калыбековна

Раимбачаева Винера Калыбековна

Биография

Раимбачаева Винера Калыбековна Чүй облусунун тургуну. 1968-жылы  5-декабрда Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген.

1988-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда “Дарылоо” адистиги боюнча билим алган. 1994-1995-жылдары “Акушер жана гинекология” кафедрасында интернатураны аяктаган.

Раимбачаева Винера 25 жылдан бери Сокулук районунун тургундарынын ден соолугуна кам көрүп келет. Алгачкы ишмердүүлүгүн 1996-жылы Шопоков шаарындагы поликлиникада дарыгер акушер-генеколог катары баштаган. 1997- 2005-жылдары Сокулуктагы гинекология бөлүмүндө, 2005-2009-жылдары төрөт бөлүмүндө кызмат кылган. 2012-жылы “гинекология бөлүмүнүн башчысы” кызматын аркалаган.

Учурда Сокулук аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акушер-гинеколог болуп эмгектенет.

Раимбачаева Винеранын негизги максаты калкка кызмат кылуу болуп саналат. Өзгөчө саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелерге көңүл буруп, эски системаны өзгөртүүнү каалайт. Дени сак жашоо образын туу туткан Раимбачаева кыргызстандыктардын саламаттыгы үчүн кызмат кылууга даяр.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ