Сагынбаев Жолдубай Бөрүбаевич

Сагынбаев Жолдубай Бөрүбаевич

Биография

Сагынбаев Жолдубай Бөрүбаевич “Ыйман Нуру” саясий партиясынын 50-сандагы талапкери. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалы боюнча иш алып барууну каалайт.

Сагынбаев Жолдубай 1971-жылы 29-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунда туулган.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин инженер-технолог багытында билим алган соң, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун “Юриспруденция” бөлүмүн аяктаган. Ошондой эле Кыргыз экономикалык университетинен “Финансы жана кредит” багытын бүтүргөн.

2003-2008-жылдары ар кандай коммерциялык структураларда иш алып барган.

2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Иш башкармалыгынын маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн улук консультанты.

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн сатып алуулар секторунун башчысы.

2010-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Иш башкармасынын имараттарды эксплуатациялоо жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын ЖКнын Аппаратынын Иш башкармасынын социалдык, тиричилик жана турак-жай менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.

2011-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Иш башкармалыгынын имаратын эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы.

2012-2016-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси болуп эмгектенген.

2020-жылы «Алтын-Көл» пансионатынын директорунун орун басары болуп иштеген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын жана Иш башкармалыктын Ардак граматасынын ээси.

Мамлекеттик кызматтын биринчи даражадагы кеңешчиси.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ