Сагынбаев Жолдубай Бөрүбаевич

Сагынбаев Жолдубай Бөрүбаевич

Биография

Сагынбаев Жолдубай Бөрүбаевич 1971-жылы 29-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунда жарык дүйнөгө келген. 

И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин   инженер-технолог багытында билим алган соң, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун “Юриспруденция” бөлүмүн аяктаган. Ошондой эле Кыргыз экономикалык университетинен “Финансы жана кредит” багытын бүтүргөн.

2003-2008-жылдары ар кандай коммерциялык структураларда иш алып барган.

2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасынын Маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн улук консультанты болуп эмгектенген.

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасынын маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн материалдык – техникалык камсыздоо секторунун башчысы, ошол эле жылы Иш башкармасынын имараттарды эксплуатациялоо жана коммуникация бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматтарын аркалаган.

2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасынын социалдык, чарбалык жана турак-жай менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.  2016-жылы КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчисинин жардамчысы болгон. 

КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын ээси. Мамлекеттик кызматтын биринчи даражадагы кеңешчиси.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалы боюнча иш алып барууну каалайт. 

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ