Султанкулов Нурадин Калыйнурович

Султанкулов Нурадин Калыйнурович

Биография

Султанкулов Нурадин Калыйнурович 1977-жылы 5-январда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында туулган.

1992-1996-жылдар аралыгында Талас айыл-чарба техникумун артыкчылык диплому менен аяктаган. 1996-2001-жылдары Талас мамлекеттик университетинде билим алган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Президенттине караштуу Башкаруу акедемиясынын магистратура тармагына тапшырып, 2006-жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү бүтүргөн. 

2006-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүндө адис катары эмгектенген. 2008-2010-жылдары аталган мекеменин жетектөөчү адиси, кийинчерээк башкы адистик кызматтыкты аркалаган. 2010-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүндө жетекчинин орун басары катары иштеп келе жатат. 

Султанкулов Нурадин “Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн отличниги”, “КРнын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгилеринин ээси. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталарына жана бир нече мамлекеттик сыйлыктарга татыган. 

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ