Ташанов Русланбек Максытович

Ташанов Русланбек Максытович

Биография

Ташанов Русланбек Максытович  1974-жылы 1-ноябрда Ош облусуна караштуу Ноокат районунда жарык дүйнөгө келген.  1994-2000-жылдары Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинде билим алган.

Эмгек жолун 2001-жылы  Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуудан баштаган.

2003-2006-жылдары Оштогу  “Демократия үчүн коалиция жана жарандык коом” коомдук уюмунунда программа координатору болуп эмгектенген.

2007-жылы  Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин профилактикалык окутуу боюнча эксперти болгон.

2008-жылдан бери “Сапат Стандарт” курулуш компаниясынын директорлук кызматын аркалап келүүдө.

Ташанов Русланбек Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын курулуш тармагына кошкон салымы үчүн  Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин Ардак грамотасынын ээси.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ