Төрөбеков Максатбек Асилбекович

Төрөбеков Максатбек Асилбекович

Биография

Төрөбеков Максатбек 1973-жылы 13-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кашка-Суу айылында туулган. 

1994-1999-жылдары Ош мамлекеттик университетинин юриспруденция факультетин аяктаган. 

Эмгек жолун 2000-жылдары Майлуу-Суу шаарындагы “Уултай Кредит” креттик союзунан баштаган. 2009-жылдан бери «Бактылуу Yй» үй-бүлөлүк борборунун директордук кызматын аркалайт. Андан сырткары учурда жеке ишкердик менен алектенет.

Талапкерибиз билим берүү маселелери менен үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү тереңден билет. Ал билим берүүчү мекемелердеги окуучулар жана мугалимдер менен дайыма кызматташып турат. Бул багыттагы көптөгөн проекттердин ээси. Анын ою боюнча коомдогу маселелерди чечүү үчүн үй-бүлөлүк баалуулуктарга басым жасоо керек. Себеби бактылуу үй-бүлө бактылуу коомдун негизин түзөт. 

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ