Умарахунов Исакжан Адылович

Умарахунов Исакжан Адылович

Биография

Умарахунов Исакжан 1959-жылы 26-февралда Жалал-Абад шаарында туулган.

1980-жылы Караганда Ички иштер министрлиги жогорку мектебинин “Юриспруденция” адистигин бүтүргөн.

1980-2011-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кызмат кылган. Ал аралыкта тергөөчү, кийинчерээк, тергөө бөлүмдөрүнүн башчысы катары эмгектенген. Жалал-Абад, Талас, Баткен жана Ош облустарынын Ички иштер башкармалыгында көрүнүктүү кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Ички иштер башкармалыгынын Түштүк аймактар ​​аралык башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

2012-2013-жылдары Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Эл аралык финансы компаниясынын  департаментинин директору болуп иштеген.

2014-2018-жылдары “Кыргызгеофизика” ЖЧКсында жана “Чанг Ан Банкында” коопсуздук кызматынын башчысы болуп эмгектенген.

1999-жылы Жалал-Абад шаардык Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Учурда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары.

Умарахунов Исакжан- милициянын полковниги. “Милициянын отличниги” төш белгисинин  жана бир нече  мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Бир нече жыл Ички иштер министрлигинде кызмат кылган талапкерибиз Жогорку Кеңешке баруу аркылуу ИИМдин кызматкерлеринин ишин жакшыртууга багытталган реформаларды жүргүзүүнү максат кылууда.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ