Усупов Улан Саламатович

Усупов Улан Саламатович

Биография

Усупов Улан Саламатович

Усупов Улан Саламатович 1977-жылы 7-июлда Ысык-Көл районундагы Кожояр айылында туулган.  1994-1996-жылдары Түркиядагы Анкара университетинде теология багыты боюнча билим алган. 1996-1999-жылдары Ош мамлекеттик университетинде “дин таануу” адистиги боюнча окуган. 

Эмгек жолун 1999-жылы Эл аралык «Ала-Тоо” университетинде котормочулук менен баштаган. 2000-2004-жылдары “Ыйык Ата-Журт” коомдук-жаштар фондунун жетекчиси, 2004-2008-жылдары Ислам университетинин ректорунун жардамчысы, 2011-2014-жылдары Кыргызстандын Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчисинин орун басары милдетин аткарган.  2011-2020-жылдары И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде жана Кыргызстан Ислам университетинде теелогия багыты боюнча окутуучу  болгон. 

Коомдук бирикмелер, уюмдар тарабынан берилген бир нече Ардак грамоталардын ээси. Теология илимдери боюнча кесипкөй адис, диний таалим-тарбия боюнча устат жана коомдук ишмер.

 

Келечекте билим берүү жана илим тармагында реформа жасоону, диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын ишке ашуусун көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү иш жүргүзүүнү максат кылат. Үй-бүлөлүк баалуулуктардын сакталышына кам көрүү менен маданият, спорт жана искусство тармагын өнүктүрүү багытындагы иштегиси келет. 

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ