Шакиров Каныбек Кадырович

Шакиров Каныбек Кадырович

Биография

Шакиров Каныбек Кадырович 1979-жылы 27-майда Каракол шаарында туулган. 

2009-жылы Чүй университетинин “Юриспруденция” тармагында билим алган. 

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынан магистратураны аяктаган.

Эмгек жолун 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Иммиграция фондунун адиси катары баштаган. 

2008—2011-жылдары КРнын ЖКнын Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн улук консультанты, кийинчерээк, мыйзам долбоорлорун экспертизалоо бөлүмүнүн адиси болгон.

2011—2012-жылдары КРнын Жогору Кеңешинин Аппаратында кызмат кылган.  

2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүндө эксперт катары эмгектенип келүүдө.

Шакиров Каныбек Мамлекеттик кызматтын II класстагы кеңешчиси. 

Талапкерибиз ак ниеттүү эмгеги жана Кыргыз Республикасынын парламентаризмин жана мыйзамдарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган. Шакиров Каныбек кыргызстандыктардын мекенчил уулу. Ал өлкөнүн татыктуу келечеги үчүн дайыма күрөшүүгө жана мекенге ак кызмат кылууга даяр. 

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ