Ыбыкеев Таалайбек Мырзабекович

Ыбыкеев Таалайбек Мырзабекович

Биография

Ыбыкеев Таалайбек Мырзабекович 1978-жылы 16-майда Бишкек шаарында туулган. 

1995-2000-жылдары КМУУда экономика багыты боюнча билим алган.

2006-2009-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинин “Юриспруденция” факультетин аяктаган.

2018-2020-жылдары Япониядагы Хиросима университетинде “Эл аралык мамилелер” боюнча магистратурасын бүтүргөн.

Бир нече мамлекеттик мекемелерде кызмат кылган. 2007-2010-жылдары КРнын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин башкы адиси катары эмгектенген. 2011-жылдан бери ЖКнын Укук коргоо, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшү боюнча комитетинин эксперти.

Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча улуттук стратегиянын негизин иштеп чыгуучуларынын бири.  “Ыкчам иликтөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кылмыш-Жаза кодексин, Жазык -Аткаруу кодексин, “Кумар оюндарына тыюу салуу жөнүндө” мыйзамдарды  иштеп чыгууга катышкан. 

 Мамлекеттик жана жарандык кызматтын 1-даражадагы кеңешчиси, ага-лейтенант. Учурда КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу ,  Финансылык чалгындоо, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ж.б. тарабынан Ардак грамоталарды жана мактоо баракчаларын алган. 

Жогорку Кеңешке баруудагы негизги максаты алган билими менен тажрыйбаларын укук коргоо жана сот органдарынын ишин жакшыртуу үчүн жумшоого даяр. Өзгөчө щаардык жол кызматтына керектүү реформаларды жүргүзүүнү максат кылууда.

Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram

Башка талапкерлер

АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ