Нуржигит
Кадырбеков

Ыйман Нуру партиясынын төрагасы

Нуржигит Кадырбеков 1977-жылы 31-мартта Кара-Кулжа районунун Биринчи-Май айылында туулган.

А. Субанов атындагы орто мектепти алтын медаль, Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Канзас университетинин (АКШ) журналистика жана масс коммуникация факультетинде, Кобе университетинин (Жапония) мамлекеттик башкаруу жана эл аралык байланыштар боюнча магистратурасында окуган.

Адам укугу, конфликтология, лингвистика, чарбаны башкаруу жана лидерлик боюнча Польшада, Казакстанда, Молдовада, Литвада, Түркияда жана Кытайда өткөн кыска мөөнөттүк курстардын угуучусу.

Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында, Тышкы иштер министрлигинде, Кыргызстандын ишкерлер союзунда иштеген.

Өлкөнүн бир катар университеттеринде сабак берген. 2008-2009-жылдардагы «Кыргыз Туусу» гезитинин Япониядагы кабарчысы.

«Нурлуу толкундар» (2004) ырлар жыйнагынын, «Япон кереметинин сыры» (2011), «Бир гана Сенсиң» (2014), “Ант” (2016) “Ээсине кайткан роза” (2019) китептеринин автору.

Кыргыз Республикасынын Шотокан Карате-до INTERNATIONAL федерациясынын президенти.

  • 2015-2019

Кыргыз Республикасынын Президенти түзгөн «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп иштеген

  • 2019-2020

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары

  • 2020-2021

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри.