БИЗДИН ПРОГРАММА

Бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүнүн калыптанышынын маанилүү этабында турат. Себеби  саясий жактан туруктуу, экономикалык жактан күчтүү жана социалдык жоопкерчиликтүү мамлекет катары узак мөөнөттүү өнүгүү үчүн  атайын шарттар түзүлүүдө. Документтин актуалдуулугу дагы  өлкөдө, региондо жана дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мындан аркы өнүгүүнүн жаңы көз-карашын калыптандырууда жатат. Бул программа өлкөнүн келечегинин имиджин түзүүчү вектор жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн негизги секторлоруна бөлгөн саясий башкаруунун бүтүндөй системасы катары каралышы керек. Мындан улам, “Ыйман Нуру” партиясы азыркы башкаруу системасынын ордуна жаңы прогрессивдүү саясий күчтөр гана өлкөнү жакшы жакка өзгөртүп, учурдун жана келечек муундарды татыктуу жашоого багыттай алат деп эсептейт. Ошол себептен  учурдагы маселелердин жообун табуу үчүн төмөнкү багыттарды сунуштайбыз.

I. СОЦИАЛДЫК БЛОК

Эгемендүүлүккө ээ болуу менен Кыргызстандын саламаттыгы  экономикалык жана социалдык кыйынчылыктарга дуушар болгон. Алсак, өткөөл мезгилдин башталышында ИДПнын структурасында мамлекеттин саламаттыкты сактоого багытталган чыгымдары дээрлик эки эсеге кыскарган, бул инфраструктуранын өнүкпөгөндүгүнө байланыштуу өзгөчө, калктын аялуу катмары үчүн  медициналык кызматтын жетишсиздигине алып келген. Ошондой эле  өлкөнүн саламаттык сактоо системасы материалдык-техникалык жабдуулардын алсыздыгы, эскирген инфраструктура, медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде саламаттык сактоо технологияларынын чектелүү болушу менен мүнөздөлөт. Бул калкты тейлөөнүн комплекстүү, сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылууда көйгөйлөрдү жаратууда. Ошол эле учурда калктын санариптик медициналык кызматтарга жана маалыматтарга жеткиликтүүлүгү жетишээрлик деңгээлде эмес. 

Андан сырткары бейтаптардын мыйзамсыз медициналык кызмат акы төлөөчү саламаттыкты сактоонун көмүскө базар фактору бар. Бул саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саламаттыкты сактоо тармагындагы чыгымдардын өсүшү менен мамлекеттин аны жетиштүү деңгээлде каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн ортосундагы тынымсыз чоң ажырымы саналат. Саламаттыкты сактоо системасындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн партия төмөнкү багыттар боюнча максаттуу иштерди жүргүзөт:

  • ден соолукту чыңдоо системасын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү уюмдардын жана башка негизги өнөктөштөрдүн жардамы менен маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу заманбап инновациялык маалыматтык -коммуникациялык ыкмаларды иштеп чыгуу;
  • маалыматтык технологияларды колдонуу менен профилактикалык кызматтардын пакетинин маалыматтык жана билим берүүчү компонентин ишке ашыруу боюнча аракеттер, мисалы, онлайн консультациялар, IT конференциялар;
  • жогорку деңгээлдеги баштапкы медициналык -санитардык жардам системасын өнүктүрүү (техникалык жана кесиптик модернизация, ошондой эле тез жардам кызматынын автопаркын көбөйтүү);
  • саламаттык сактоо системасынын кадрдык потенциалын күчөтүү;
  • жалпы калк үчүн саламаттык сактоо системасынын лабораториялык жана диагностикалык секторлорун техникалык жактан модернизациялоо;
  • инфраструктураны модернизациялоо, натыйжалуу башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү, ресурстарды пайдалануунун ачыктыгын камсыз кылуу аркылуу ооруканалар системасында медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу.

Билим берүү системасы өлкөдөгү жарандык потенциалды өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойнойт. Себеби  адамдын капиталы жана ийкемдүүлүгү өлкөнүн жөндөмдүүлүгүнүн  ийгиликтүү өнүгүүсүн жана келечекте өзгөрүлүүчү шарттарга ылайыкташуусун аныктайт. Биздин партия кийинки беш жылдын ичинде билим берүү системасында көп тилдүү билим берүү программаларын, башкача айтканда кыргыз, орус жана эл аралык тилдердин бирөөсүн киргизүүнү сунуштайт. Бул балдардын кошумча башка тилдерде дагы эрте билим алуусун  киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Программа аркылуу билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсү үч тилде эркин сүйлөй алат. Бул үчүн мамлекет тарабынан билим берүү системасын каржылоону көбөйтүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле:

  • билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана анын мазмунун эл аралык стандарттарга ылайык модернизациялоо;
  • ЖОЖдордо илимий компонентти жогорулатуу, илимди прикладдык изилдөөлөргө багыттоо, изилдөө ишинин сапатын жана илимий натыйжалардын экономикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу, университеттер тарабынан лабораторияларды, стартаптарды, илимий-инновациялык борборлорду түзүү;
  • билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысынын деңгээлин жогорулатуу;
  • билим берүү мекемелериндеги студенттер үчүн стипендиянын өлчөмүн жогорулатуу;
  • жаңы имараттарды куруу, айрымдарды капиталдык ремонттон өткөрүү жана кошумча имараттарды куруу аркылуу мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу;
  • өлкөнүн PISA рейтингиндеги көрсөткүчүн жогорулатуу;
  • Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында башка артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу кирет.

Бүгүнкү күндө учурдагы Министрлер Кабинети калктын турак жайга болгон керектөөсүн канааттандыруу үчүн турак жайларды каржылоонун рыноктук системасын калыптандыруу зарыл деп эсептейт. Курулушка жана калкты турак жай менен камсыз кылууга бюджеттик каржылоо кыскарган шартта, турак жай сатып алуу үчүн каражаттын негизги булагы болуп жарандардын кирешелери, финансы -кредиттик мекемелердин каражаттары болуп саналат. 2010-жылдан бери калкты турак жай менен камсыздоодо төмөндөөлөр байкалган, ал эми 2020-жылы республика боюнча индикатор 12,5 чарчы метр 1 адамга, 13,5 чарчы метр шаардык жерлерде жана 12,8 чарчы метр айыл жергесинде  көрсөтүлгөн. Ал эми БУУнун социалдык стандарттарына ылайык, бир жаранга 30 чарчы метрден кем болбогон турак-жай туура келген.

Ошол себептен, Министрлер Кабинети калкка жеке компаниялардын /өкүлдөрдүн турак жайын рыноктук баада сатып алууну сунуштайт, бул орточо эсеп менен кыймылсыз мүлктү 10 жыл ичинде бөлүп төлөө аркылуу сатып алууга мүмкүндүк берет.

Биздин партия өлкөдөгү саясий жана экономикалык толкундоолор учурунда, көпчүлүгү бюджеттик кызматкерлер болгон карапайым жарандар үчүн  мындай шарт өтө жогору болот деп эсептейт.

Бул үчүн  мамлекет белгиленген аймакта компетенттүү берүүчүлөрдөн үнөмдүү турак жай куруу  кызматын сатып алышы керек жана тиешелүү мамлекеттик программалардын алкагында карапайым жарандар үчүн турак –жайды комиссиясыз бөлүп сатууну ишке ашыруусу зарыл. Бул турак жайга берилүүчү төлөмдөрдү жүргүзүү мөөнөтүн орточо эсеп менен эки эсе кыскартат. Мамлекеттик курулуш комитетинин маалыматы боюнча, бир чарчы метрдин баасы орто эсеп менен 350-450 доллар, рынокто 1 чарчы метрдин баасы 700-800 доллар, ал эми сериялар боюнча бир  чарчы метрдин баасы 500-1100 долларга чейин жетет . Башкача айтканда, айырма дээрлик эки эсеге барабар.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тарыхый жана маданий мурастардын, адам жашоосу жана анын айлана -чөйрөсү жөнүндө салттуу билимдердин баа жеткис потенциалы бар. Маданият ар бир адамдын жана коомдун жашоосунун фундаменталдык негизи болуп саналат, анткени ал коомдун жашоо эрежелерин түзүүгө жана анын инсан катары калыптанышына түздөн-түз таасир этет. Ошол эле учурда, азыркы коомдо "акча" идеологиясы  руханий жана адеп -ахлактык баалуулуктардан үстөмдүк кылууда.

Мындай шартта  руханий жана адеп -ахлактык баалуулуктарга негизделген маданият, заманбап инновациялык жетишкендиктер менен айкалышып, коомдун өнүгүүсү үчүн өзүнүн багыттарын бере алат деп ишенебиз. Бул үчүн биз төмөндөгүдөй иш-аракеттерди сунуштайбыз:

- маданият аркылуу коомдун идеологиялык чөйрөсүнүн өзгөрүшүнө материалдык жактан баштап руханий, адеп -ахлактык жана инновациялык баалуулуктарга чейин таасир этүү;

- маданият тармагындагы мамлекеттик иш -чараларды адекваттуу каржылоону камсыз кылуу;

- ата мекендик көрүүчүлөрдүн көңүлүн улуттук искусствого жана ата мекендик аткаруучулардын  чыгармачылык потенциалына топтоо;

- өлкөдөгү маданий инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоону камсыз кылуу;

- калкын билим алуусунда китепканалардын ролун жана мамлекеттик маанисин жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын ата мекендик жана дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү, илимий, маалыматтык ресурстарга эркин жетүүсүн кеңейтүү;

- потенциалдын жана мүмкүнчүлүктөрдүн өсүшүнүн прогрессивдүү динамикасын, ошондой эле кыргыз киносунун популярдуулугун камсыз кылуу.

II. ЭКОНОМИКАЛЫК БЛОК

Узак убакыттан бери республиканын ИДПнын структурасындагы эң чоң үлүш "Кызматтар" (соодадан тышкары), "Дүң жана чекене соода" секторуна таандык. Ошондой эле банктык кредиттөөдө эң чоң үлүштү "Соода жана акча алуу-которуу"  алат. Бул абал экономика тармагында  валютанын чет өлкөгө циклдүү чыгышына алып келет. 

Кыргызстанда орточо эмгек акынын көлөмү тез өсүп жаткан учурда,  өндүрүмдүүлүк жай темп менен өсүүдө. Бул эмгек бирдигине болгон чыгымдардын жогорулашына алып келип, экспорттун атаандаштык жөндөмдүүлүгүнө тоскоолдук жаратып жатат. 

 

Мамлекеттин, айыл-чарбанын дайыма болуп турчу чыгашаларына инвестицияларды тартуу жана тышкы сооданын жыйынтыктары  ИДПнын оң көрсөткүчүн түзүүдө жалгыз чечим бойдон калууда (чыгымдар боюнча). 

 Кыргызстандын экономикасынын мүнөздөмөлөрү:

- бюджеттин дайыма тартыштыгы;

- тышкы кредиттик жардамга көз карандылык;

- импорттун экспорттон (чийки затты экспорттоодон) кыйла басымдуулук кылуусунан улам, чет өлкөлүк валютанын киришинин туюк чынжырлуу циклдик мүнөзү; 

- алтын валюталык резервдин көлөмүнүн анча чоң эмес болушу;

- өлкөнүн милдеттенмелеринин активдеринен бир нече эсе ашып кетиши;

- мамлекеттик карыздын басымдуу үлүшү менен олуттуу тышкы карыз;

- республиканын көпчүлүк аймагынын экономикалык жактан депрессивдүү болушу;

- өнүкпөгөн логистика, анын ичинде, ички жана транзиттик темир жол байланыштарынын жоктугу;

- өлкөнүн негизги экспортоочусу  болгон  кичи ишканалардын орто ишканаларга караганда чарба субъектилериндеги үлүшүнүн төмөн болушу.

 

Жеке секторду өнүктүрүү

Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, чарбалык субъектилердин  түрү жана аймагы боюнча 2021-жылдын 1-январына карата 741,7 миң ишкердик субъекттер бар, бирок кичи жана орто ишканалардын үлүшү салыштырмалуу аз (25,6 жана 4,3 тиешелүү). Ал эми өлкөнүн импорту менен экспортуна кошкон салымы боюнча  жеке ишкерлер менен дыйкан чарбасына караганда чакан ишканалардын салымы салыштырмалуу чоң. 

 

Төмөндөгү системалык дисбаланстын факторлору экономикалык реформалардын милдеттерин аныктайт:

- учурдагы соода келишимдерин максималдуу түрдө эффективдүү пайдалануунун жана коңшу өлкөлөр менен мамилелерди, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону диверсификациялоо;

- инвесторлорго жеке инвестицияларды тартуу;

- энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү;

- чакан жана орто бизнес үчүн жеткиликтүү каржылоонун тартыштыгын азайтуу;

- комплекстүү жана системалуу чараларды камсыз кылуунун альтернативдүү формасы катары административдик-аймактык бөлүнүүлөргө басым жасабастан, республиканын экономикалык жактан жабыркап турган аймактарынын жайгашуу картасын түзүү.

Экспортту  жана учурдагы соода келишимдерин максималдуу түрдө  эффективдүү пайдалануунун жана коңшу өлкөлөр менен болгон мамилелерди, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону диверсификациялоо. 

 

Республиканын мамлекеттик финансы жана соода өнөктөштөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү экономиканы колдоо менен гана чектелет, ошондуктан Кыргызстандын башка региондун экономикалары менен байланышын, ошондой эле экспортко өтүү аркылуу  атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу зарыл. 

-багытталган өсүү модели, анын ичинде рынокко кирүүдө талаптары аз болгон тейлөө секторлорунда (капитал жана жөндөмдүүлүк жагынан экспорттоого эч кандай тоскоолдуктар жок).

Өлкөнүн соода балансында экспорттун үлүшүн жогорулатуу үчүн бюджеттик жана донордук колдоону, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу аркылуу чакан жана орто ишканалардын потенциалын жогорулатуу керек. Ал үчүн ата мекендик жеке секторду колдоо үчүн бизнес чөйрөсүн реформалоо зарыл.

 

Жеке инвестицияларды тартуу

Өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү үчүн фискалдык саясат өзүнөн- өзү инвестицияларды тартуу менен республиканын экономикасынын кыска мөөнөттүү перспективаларына таасир тийгизе албайт. Мамлекеттик чыгымдар экономикалык өсүштү камсыздоого, ошондой эле калктын жакыр жана социалдык аялуу катмарынын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган эмес. Мамлекеттик башкаруу секторуна  мамлекеттик чыгашалардын үлүшү эң жогорку көрсөткүч болуп саналат жана ал жеке инвестициялардын деңгээлине гана эмес, бюджеттин туруктуулугуна дагы таасир этет.

 

Кен казуучу секторлорго (тоо -кен, ташты кайра иштетүү, нефтехимиялык өндүрүш) Кыргыз Республикасы чет элдик инвесторлорду тартууда жана иштешүүдө кыйынчылыкка дуушар болбойт. Бирок башка секторлордо тышкы инвестициялык чөйрө менен өнөктөштүк кызматташуулар  камсыз кылынбай жатат, республикада инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматка суроо –талап бар.

 

Республикага инвестиция тартуудагы тоскоолдуктарга ачыктыктын жана ырааттуулуктун жоктугу, коррупция жана инвесторлорду коргоо механизмдеринин начардыгы кирет. Республиканын инвестициялык потенциалы жөнүндө маалыматка суроо -талап пайда болгон инвестициялык иш -аракеттер боюнча тармактык, мамлекеттер менен кызматташуу үчүн  инвестициялык чөйрө аркылуу максаттуу ишти уюштуруу зарыл.

 

Ошондой эле энергетикалык ресурстар жеке сектордун ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, экономикалык өсүштүн чечүүчү фактору болуп саналат. Бул сектордо башка секторлорго караганда мамлекеттик активдер көп, бирок ал пайдасыз бойдон калууда.

 

Республиканын энергетикалык кубаттуулугу боюнча суроо-талаптын жогорулашы жана чет өлкөдөн кошумча энергия сатып алуу үчүн, ошондой эле CASA-1000 боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарууда төмөнкүлөр зарыл:

 

- энергия керектөөнүн социалдык нормасы менен жеңилдетилген тарифтерди  киргизүү;

- электр энергиясы үчүн төлөмдөрдүн агымын теңдөө механизмдерин түзүү жана кыш айларында ашыкча колдонуунун алдын алуу;

- калктын мүмкүнчүлүгү аз катмарынын даректүү социалдык корголушу;

- чакан ГЭСтерди куруу, анын ичинде МЖӨ долбоорлорунун негизинде;

- келечекте калыбына келүүчү энергия ресурстарын киргизүү;

- гидроэнергетикалык ресурстардын өсүшү үчүн жеке инвесторлорду тартуу;

- ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү энергетикалык рынокко карай кыймыл;

- энергетикалык продукция сатууну уюштуруу;

- мамлекеттик кепилдиктердин жана ачык дотациялардын формасын киргизүү;

- тарифтерди түзөтүүнүн кесепеттеринен калктын аялуу катмарын коргоо.

 

Энергетикалык потенциалга өсүп жаткан суроо-талапты камсыз кылуу үчүн альтернативдүү жеке же мамлекеттик-жеке түрдөгү энергетикалык потенциалды ишке ашыруу зарыл.

Чакан жана орто бизнес, ошондой эле  расмий эмес ишкерлер үчүн жеткиликтүү каржылоонун тартыштыгын азайтуу керек.

Иштеп жаткан чакан жана орто бизнестин санынын системалуу түрдө өзгөрүшү үчүн ири жеке ишканалардын чакан жана орто ишканаларга трансформацияланышында финансылык жактан колдоону жана бизнес жүргүзүүнүн жеңил жолун сунуштоо зарыл. Арзан жана узак мөөнөттүү каржылоонун жоктугу чакан жана орто бизнестин потенциалын аныктайт.

 

Жеке сектордо көбүнесе  микро-ишканалар басымдуулук кылат, ал эми орто жана ири компаниялардын өсүү темпи  жана алардын иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү кыскарууда. Акыркы он жылдын ичинде жеке ишкерлердин саны эки эсеге өстү; анын ичинен саны боюнча экинчи чоң категорияга чакан ишканалар кирет. Чакан ишканалардын саны жогорку темп менен өспөсө дагы, алар микро ишканаларга караганда бир топ аздык кылат.  Ал эми  жумуш орду менен камсыз кылуу боюнча чакан ишканалар алдыда. Ошондой эле орто ишканалар фирмалардын  жана жумушчулардын саны боюнча чакан категорияны түзүүдө.

Ири компаниялар негизинен тоо-кен, банк иштери жана телекоммуникация секторунда топтолгон (анын ондон бири мамлекеттик ишканалар), аларда салыктар жалпы режимде төлөнөт. Бөлүштүрүүнүн бул түрү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнө, ошондой эле аларда иштеген жумушчулардын санына карата "ортоңку деңгээлдин" жоктугун чагылдырат.

Ишкердиктин мындай кыйшайып бөлүштүрүлүшү өндүрүштүн кеңейишине жана кызматкерлердин санынын өсүшүнө тоскоолдук жаратып, өндүрүмдүүлүктүн төмөндүгүн жана финансылык чектөөлөр менен мүнөздөлгөн татаал ишкердик чөйрөнү түзүп жатат.

 

Кредиттик чектөөлөр банктар үчүн арзан каржылоонун жоктугунан, инфляция жана коммерциялык тобокелдиктен, ошондой эле пайыздык ченге операциялык чыгымдардын жогору болушунан улам келип чыгууда.

Чакан жана орто ишканалардын ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү жана финансылык  өсүүнү камсыз кылуу зарыл.

Аймактык-административдик бөлүнүүлөргө карабастан, республиканын экономикалык жактан кыйналган региондорунун жайгашуу картасын комплекстүү жана системалуу чараларды камсыз кылуунун альтернативдүү формасы катары түзүү керек.

Учурдагы аймактык-административдик бөлүнүү, аймактарга өзгөчө статус берүүчү шаар-пункттарды түзүү кабыл алынган бөлүнүүнүн негизинде бөлүштүрүлбөгөн аймактардагы экономикалык  көйгөйлөрдү чечпейт.

 

Бүгүнкү күндө республикада экономикалык өнүгүүдөн, алардын өз ара байланышынан жана жалпы көйгөйлөрүнөн артта калган региондордун адистештирилген картасы жок. Мындай маалыматтын калыптанышы потенциалды биргелешип топтоо,  негизги борборлор менен байланышуу үчүн жашыруун мүмкүнчүлүктөрдү жана көрүнүштү так аныктай алат.

 

Экономикалык жактан артта калган региондордун социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү мындай мамиленин негизиндеги көйгөйлөрдү тереңирээк изилдөөгө, системалуу ыкмаларды каржылоо жолун  издөөгө жана аймактар ​​аралык соода-сатыкты өнүктүрүүгө мүмкүн болот. Экономикалык  жактан өнүккөн региондор өз потенциалын аймактык бөлүмдөрүнүн чегинде жайылта алышпайт жана алар үчүн жалпы экономикалык режимдер алгылыктуу чөйрө болуп саналат.

Өз кезегинде, экономикалык жактан артта калган  аймактар ​​субсидия, каржылоо, чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу, технологияларды транспорттоо, жумушчу орундарын түзүү жана прототиптен өнөр жай масштабындагы продукциялардын өсүүсү үчүн өзгөчө экономикалык чөйрөнү камсыз кылышы керек. Мындай аймактарды түзүүнүн зарылдыгы ар бир географиялык жайгашуунун өзгөчөлүктөрүнө жараша болот жана анын экономикалык перспективасын ачып бере турган альтернативдүү мамилени камсыз кылат.

Бүгүнкү күндө энергияны керектөө боюнча бир нече курч маселелер бар. Ал эми мамлекет энергетикалык ресурстарды технологиялык жактан модернизациялоо милдетин алышы керек. Ошондой эле өлкөнүн экономикасынын көрсөткүчтөрү гидроэнергетикага жана альтернативдүү энергияга багытталышы керек. Белгилей кетчү жагдай, энергетика тармагы оор абалда жана инвесторлор үчүн жагымсыз бойдон калууда. Ошол себептен өлкөдө жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктун өсүшү жетиштүү энергетикалык потенциалдын болушуна түздөн -түз көз каранды болуп турат. Бул келечекте орто жана узак мөөнөттүү  электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө алып келет. "Ыйман-Нуру" партиясынын саясаты чакан  ГЭСтерди курууда жана ишке киргизүүдө кичи жана орто өндүрүшчүлөрдөн электр энергиясын мамлекеттик туура баада сатып алууга багытталат.  Ошондой эле энергетикалык ресурстарды көбөйтүү үчүн Кыргызстандын дарыяларынын гидроэнергетикалык потенциалы каралат. Ошол эле учурда биз энергия өндүрүүнүн альтернативдүү, экологиялык таза ыкмаларын киргизүүгө жана өнүктүрүүгө көңүл бурабыз.

Айыл чарба- Кыргызстандын экономикасынын эң маанилүү тармагы, аны өнүктүрүү бүтүндөй экономика үчүн чечүүчү мааниге ээ. Маалыматтарга ылайык, 2020 -жылы Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясында айыл чарбасынын, токой чарбасынын жана балык уулоонун үлүшү 13,5%ды түздү. Региондорунун басымдуу бөлүгүндө бул тармак алдыңкы планда турат. Айыл чарба тармагы калкты негизги азык-түлүк менен камсыз кылат, ошону менен бирге  мамлекеттин азык -түлүк коопсуздугун, азык -түлүк менен камсыздоонун туруктуулугун камсыз кылуу көйгөйүн чечет.

 

Белгилей кетсек, 2019-жылы негизги продукциялардын ички өндүрүшүнүн деңгээли картөшкө, жашылча-жемиштер камтыган коопсуздук талаптарынын аткарылышын камсыздаган. Ошол эле учурда  нан азыктарынын, мөмө -жемиштердин, өсүмдүк майларынын, кумшекердин стандарттарынын сакталышы камсыз кылынбай жаткандыгы тынчсыздандырат. Бул абал Кыргызстандын  продукцияларды  үчүнчү өлкөдөн алып келинүүсүнө себепчи болууда. Ошол эле учурда,  колдонулуп жаткан айыл чарба техникалары физикалык жана моралдык жактан  эскирген, машина паркы жана жабдуулардын жаңыртылышы  жай темп менен жүрүп жатат.

 

Биздин партия мамлекеттин жетиштүү азык -түлүк өндүрүүнү кепилдикке алышы жана дыйканчылык менен алектенген жарандарга татыктуу жашоо деңгээлине шарт түзүү үчүн иштейт. Бул максатка жетүү үчүн техникалык прогрессти стимулдаштыруу, айыл чарба өндүрүшүнүн рационалдуу өнүгүшүн камсыз кылуу жана өндүрүш факторлорун, тактап айтканда эмгекти оптималдуу колдонуу аркылуу айыл чарба өндүрүшүн жогорулатуу боюнча иштейбиз. Ошондой эле, дыйканчылык менен алектенген адамдардын кирешесин көбөйтүү аркылуу айыл калкынын татыктуу жашоо деңгээлин камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Азык-түлүк товарларынын жетиштүү көлөмүнүн өсүшүн, товарлардын керектөөчүлөргө жеткиликтүү баада жетүүсүн камсыз кылуу дагы биздин  партиянын планында бар.

Биз өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбеген импорттон коргоо үчүн дан эгиндерине, май өсүмдүктөрүнө жана кантка болгон бааларга колдоо системасын киргизебиз, интервенцияларды сатып алууларды жана ар кандай төлөмдөрдү ишке  ашырабыз. Натыйжада, өлкө негизги азык-түлүк продукциясын өндүрүү боюнча салыштырмалуу өзүн-өзү камсыздоого жетишет.

Ошондой эле, айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн  чийки затты кайра иштетүү эмес, тескерисинче баштапкы кардарлардын муктаждыктарына негизделген нарк чынжырын куруу зарыл.

Дүйнө калкынын туруктуу өсүшүн эске алганда, негизги товарларга жана кызматтарга суроо-талаптын өсүшүн алдын ала айтууга болот. Буга биринчи кезекте тамак -аш жана кийим-кече кирет. Демек, азык -түлүк жана кийим -кече өндүрүшү ар дайым суроо -талапка ээ жана  аларга болгон суроо -талап тынымсыз өсөт.

 

Керектөөчүлөр менен айыл чарбасын байланыштыруучу шилтеме болуп  кайра иштетүүчү өнөр жай жана жеңил өнөр жай тармагы саналат. Айыл чарба продукциясын, өзгөчө тамак -аш өнөр жайы үчүн чийки зат (кайра иштетилген азыктар, ширелер, консервалар, сүт азыктары ж. б.), жеңил өнөр жай үчүн (кездемелер, жиптер, тери, мамык ж.б.) кайра иштетүүчү ишканалар түзүлмөйүнчө айыл-чарба тармагы өнүкпөйт. Себеби  дыйкандарга сатуу рынокторун өз убагында жана стабилдүү өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбойт.

Маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда калктын 12ден 17% га чейинки бөлүгү  чет өлкөдө жашайт.  Өлкөдөгү ар  бир төртүнчү үй -бүлөдө бир же бир нече үй -бүлө мүчөлөрү мигрант болуп эсептелинет. Эмгек миграциясы-бул кайтарымдуу миграция экендигине карабастан,  көбүнчө кайтып келбес миграцияга айланат, себеби мигранттар жумуш издеп барган өлкөсүндө туруктуу жашап калышат. Туруктуу жана өсүп келе жаткан кирешеси бар мигранттар эмгектенген өлкөсүндө топтогон каражатын айланууга салышат. Биздин өлкөнүн эмгек мигранттары бара турган өлкөсүндө жөнгө салуу жана жумушка орношуу жол -жобосуна байланыштуу бир нече кыйынчылыктарга дуушар болушат. 

Мындай шартта биз туруктуу калып калуунун маанилүүлүгү жана бара турган өлкөдөгү тобокелдикке байланышкан маалыматтык кампанияны күчөтүү үчүн иштейбиз. Ошондой эле  кыргызстандык эмгек мигранттарынын олуттуу бөлүгү кабыл алуучу өлкөлөрдүн эмгек рыногунун көмүскө бөлүгүндө калуу ыктымалдуулугун эске алып, барган өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары үчүн пенсиялык топтоо системасын киргизүү боюнча иш алып барабыз. 

Партиянын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мигрант жарандарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка өлкөдөгү  укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана  бузулбоосуна багытталат. Мигранттардын жумушка орношуу шарттарынын кабыл алуучу өлкөнүн жумуш берүүчүлөрү тарабынан бузулушуна байланыштуу эмгек талаш -тартыштарын жөнгө салуу боюнча маселелерди чечүүгө көңүл бурулат. Мигранттар арасында миграция маселелери боюнча маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын кабыл алуучу өлкөнүн компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, ошондой эле кабыл алуучу мамлекеттеги миграция маселелери боюнча кыргыз диаспорасынын коомдук бирикмелери менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча иштер күчөтүлөт. 

Миграциялык саясатка мындай куралдарды киргизүү аркылуу кабыл алуучу мамлекетте жүргөн Кыргызстандын жарандары, алардын  материалдык үнөмдөрү мыйзам жана саясий деңгээлде корголот. 

Туризм - Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарынын бири. Мамлекет ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн  бай жаратылыш, рекреациялык жана экологиялык потенциалга ээ. Алсак, республиканын аймагында 14 курорттук -рекреациялык зона, 10 тоо -туристтик жана альпинизм зонасы бар.

Өлкөнүн рекреациялык баалуулугу дарылоочу саздардын чоң запастарынын, минералдык жана термалдык булактарынын көптүгүнө, экологиялык жактан таза жана цивилизациялык ландшафттардын дээрлик колдонулбагандыгына байланыштуу. Бул Кыргызстанда туризм жана курорттук эс алуу үчүн уникалдуу шарттарды түзөт. Кыргызстан кооз табиятка гана эмес, көп жылдык тарыхый жерлерге дагы бай. Алсак, өлкө аркылуу Улуу Жибек жолу өткөн. Андан сырткары, республиканын аймагында 5 миңден ашуун тарыхый жана маданий эстеликтер бар.

Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө өлкөдө көрсөтүлгөн туристтик тейлөөнүн сапатынын жетишээрлик болбошу, туристтик индустриянын өнүкпөгөн инфраструктурасы, чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө аз маалымат менен камсыз болушу жана  эл аралык туристтик рынокто атаандаштыктын күчөшү боюнча бир нече көйгөйлөр бар.Туризм тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн партиянын иши төмөнкүлөргө багытталат:

- туризмге тышкы жана ички түз инвестицияларды тартуу;

- "Кээ бир мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режимди киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ишке киришине байланыштуу туристтик базарларда маалыматтык жана жарнактык иштердин активдешүүсү, анын ичинде эл аралык телерадиоберүү каналдарда өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу жарнамаларды жайылтуу;

- республиканын региондорунун улуттук, маданий, социалдык-экономикалык жана табигый өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен туризмдин альтернативдүү түрлөрүн өнүктүрүү;

- көрсөтүлгөн туристтик кызматтардын сапатын жогорулатуу.

Мындан тышкары, тиешелүү инфраструктураны түзүүдө өлкөнүн табигый -климаттык өзгөчөлүктөрүнө негизделген реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган "медициналык туризмдин" кластери киргизилет. Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошот, натыйжада беш жылдыкта биз өлкөнүн ички дүң продукциясындагы туризмдин үлүшүн 5тен 10%га жеткиребиз.

III. Мамлекеттик башкаруу

Кыргызстанга  адам укуктарын жана эркиндиктерин коргогон, мыйзамдуулукту камсыздай алган адилеттүү система керек.

Укук коргоо органдарынын ишенимдүү системасы мыйзамдын таасирин күчөтүүчү чараларды колдонуу менен система тарабынан белгиленген тартипти сактоосу зарыл. Анткени, бул мыйзамдуу мамлекеттин негизги фундаментинин бири болуп саналат. 

 

Партия төмөнкү багыттарга басым жасайт:

- укук коргоо органдарынын коом алдындагы жоопкерчилиги, 

- функционалдык тапшырмаларды аткарууда мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн укук коргоо органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү зарылчылыгы;

- укук коргоо органдарынын иштөө системасынан саясий басымды алып салуу;

- укук коргоо органдарында кызмат өтөө үчүн конкурстук тандоонун ачык-айкындуулугу;

- коррупциялык тобокелчиликтерди минималдаштыруу үчүн укук коргоо органдарында түзүмдөрдүн жетекчилерине түздөн-түз көз-каранды болбогон ички иликтөө кызматтарын түзүү жана өзүнчө статус берүү зарыл; 

- укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоодо жаңы система түзүү;

- укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу боюнча жарандык коом менен активдүү мамиледе болуу.

  Ошол эле учурда, трансулуттук кылмыштуулуктун, эл аралык терроризмдин, диний экстремизмдин киришине тоскоол болуп, улуттар аралык карама-каршылыктардын келип чыгышын алдын алууга, эл аралык баңгизаттын өлкө аркылуу өтүшүн жокко чыгарууга көңүл бурулат жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүүлөр жүргүзүлөт.

Укук коргоо органдарынын системасынын саясий процесстерге лоялдуу болуусуна эмес, элге багытталышына басым жасалат. Мындан тышкары, партиянын күн тартибине  укук коргоо органдардын масштабдуу технологиялык жабдуулары, алардын эмгек акысын жогорулатуу кирет. Ошондой эле  укук коргоо органдарынын билим берүү системасы реформаланып,  билим берүү мекемелеринин өнүгүшүнө көңүл бурулат.

Аскердик коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн жана коомдун кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттердин ортосундагы тынчтыкты сактоо жана мамлекетибиздин коопсуздугун камсыздоо үчүн  Куралдуу Күчтөргө муктажбыз. Бүгүнкү күнгө чейин болуп өткөн окуяларды эске алганда, чек ара маселелерин ийгиликтүү чечүү үчүн Куралдуу Күчтөр багытын реформалоо зарылчылыгы келип чыгууда. Алсак:

- заманбап жогорку деңгээлдеги куралдарды, авиацияны жана башка керектүү аскердик техникаларды алуу;

- Кыргыз Республикасынын армиясынын өздүк курамы үчүн заманбап согуштук, атайын жана физикалык даярдыктарды колдонуу;

- армиядагы кесипкөйлүккө көңүл буруу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө контракттык кызматтын деңгээлин жогорулатуу;

- заманбап коргонуу өнөр-жай  ишканаларынын системасынын өсүшү, заманбап куралдардын өндүрүшүнүн көбөйүшү;

- Кыргызстандын армиясында аскердик кызматты өтөөнүн альтернативдүү жолдорун минималдаштыруу;

- аскер кызматкерлеринин материалдык  маселелерин чечүү.

Калктын   коопсуздугун тийиштүү деңгээлде камсыздоо максатында чек ара аймактарынын аскердик жактан бекемделишине өзгөчө көңүл бурулат. Армияда толук кызмат өтөө жаштар арасында кадыр-барктуу жана укук коргоо органдарына кабыл алуунун шарты болушу керек. Белгиленген максаттарга кыска мөөнөттүн ичинде жетүү менен Кыргызстандын армиясы Борбор Азиядагы эң күчтүү армия боло алат жана биз алдыга коюлган милдеттерди  аткарууга бардык аракетибизди жумшоого даярбыз.

Азыркы учурда  экономикалык өнүгүү эркин атаандаштык аркылуу ишке ашат. Бирок мындай жыйынтыкка ишенимдүү мыйзам базасы болгондо гана жете алабыз. Бул үчүн "туура" мыйзамдардын болушу жетишсиз. Ал эми алардын адилеттүү жана түшүнүктүү колдонулушу сот тарабынан камсыз кылынышы керек. Мамлекет тарабынан кээ бир туура кадамдарга(анын ичинде жазык мыйзамдарынын жеңилдетилишине)карабастан, реформалардын көпчүлүгү таасирсиз бойдон калууда. Коомчулуктун ишенимин калыбына келтирүү  мамлекеттик курулуштун негизги элементи жана кылмыштуулук, башка мыйзамсыз аракеттерди азайтуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

 

Учурдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз төмөнкүдөй мыйзам долбоорлорун сунушайбыз:

- элдик сот арачысынын кызматын колдонуу тууралуу маселелерге көңүл буруу;

- сот процессинде тараптардын атаандашуу мүнөзүнүн маанилүү фактору катары эсептелген адвокаттык системаны өнүктүрүү;

- судья ишинин сапатын жана алардын дисциплинардык жоопкерчилигин баалоодо критерийлер системасын киргизүү;

- ачык-айкындуулук принциптерин иштеп чыгуу, судьялар менен жарандык коомдун ортосундагы мамилелерди жана сот ишин ММКда чагылдыруу;

- чуулгандуу иштерди чечүүдө сот системасын саясатташтырууга жол бербөө;

- сот өндүрүшүнө жана анын маалыматтык компоненттерине заманбап санарип технологияларды киргизүү, ошондой эле соттордун инфраструктурасын жакшыртуу. 

  Сот системасындагы көйгөйлөрдү чечүү соттордун саясий процесстерге жана коррупциялык тобекелдикке болгон көз карандысыздыгын камсыз кылат.

Демократиялык  өлкөдө мамлекеттик органдардын ишинин эффективдүүлүгү жана туруктуулугу биринчи кезекте жарандардын шайлоосу аркылуу бийликке келген органдардын мыйзамдуулугуна көз каранды. Ишенимдүү шайлоо системасы - демократияны ишке ашыруунун, коомдук механизмдин ишинин туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуучу негизги инструменттердин бири. Мамлекеттик бийлик органдары эл аралык коомчулуктун таануусун ала турган адилеттүү, таза жана атаандаш шайлоо аркылуу түзүлүшү керек.

Мындай жол аркылуу алдыдагы шайлоонун жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын, мыйзамдуулугун жогорулатуу менен шайлоо системасын реформалоо улантылат. Ошондой эле биз шайлоочулардын добушун сатып алуу учурларын жоюуга басым жасайбыз. Депутаттардын шайлоочулардын алдындагы жоопкерчилигинин жана иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугунун укуктук механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт, биздин убадалар бул бөлүктө шайлоочуларга отчет берүү аркылуу аткарылат. Мында жарандардын укуктук маданиятынын деңгээлин жана алардын маалымат менен камсыз болушун жогорулатууга, жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу үчүн шарт түзүүгө көңүл бурулат. Административдик ресурсту колдонууга тыюу салуу да биздин ишмердүүлүгүбүздүн күн тартибинде болмокчу.

Бүгүнкү күндө коррупция мамлекеттин эффективдүү өнүгүшүнө тоскоол болгон эң олуттуу шарттардын бири болуп саналат жана эбегейсиз социалдык коркунучту жаратат. Ошондуктан, коррупция менен күрөшүүнүн укуктук механизмдерин иштеп чыгуу азыркы коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнүн маанилүү жана актуалдуу көйгөйүнө айланууда. Мамлекет тарабынан көрүлгөн  учурдагы бардык аракеттерге карабастан, коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурушу мүмкүн. Коомдун туруктуулугуна жана коопсуздугуна зыян келтирет, социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүдө олуттуу жана чоң жоготууларга алып келет. Ошондуктан, аны менен эффективдүү күрөшүү дүйнөлүк коомчулук тарабынан мамлекеттин цивилизациясынын, анын демократиялык баалуулуктарды кармануусунун башкы көрсөткүчү катары каралууда.

Биз коррупциялык тобокелдикти четтетүү маселелерин чечүү үчүн анын потенциалын минималдаштырууга багытталган мыйзамдарды өнүктүрүү боюнча иштейбиз. Бул  бир гана комплекстүү мыйзамдардын көйгөйүн чечүүгө эмес, мамлекеттик башкаруунун масштабын кыскартууга да багытталган. Ошондой эле коррупциялык тобокелдиктин алдын алуу үчүн ар кандай куралдарды сунуштайбыз. Анын ичинде мамлекеттик органдарда башчыларынан түздөн-түз көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине отчет берүүчү коррупцияга каршы комиссарлар институтун киргизүү бар. Коррупцияга каршы саясат жүргүзүү менен мамлекеттик органдардын таасиринен компетенттүүлүктү жана көз карандысыздыкты күчөтүү боюнча иштерди аткаруу пландалууда.

Жаштар, өзгөчө экономикалык жана финансылык кризис мезгилинде, коомдун эң аялуу катмары болуп саналат. Ошол эле учурда, азыркы коомдо жаштар баалуу ресурс катары эсептелет.

Биздин партия жаштар саясатын эл аралык сектордук ыкма аркылуу жана билим берүү, ишке орношуу, чыгармачылык, ишкердүүлүк, социалдык инклюзия, ден соолук, спорт, жарандык активдүүлүк жана ыктыярдуулук сыяктуу тармактарда кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү чараларды колдонууну сунуштайт.

Ошондой эле жаштардын жумуш менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт жана жаштар саясатын эффективдүү ишке ашырууну камсыздоо боюнча чараларды аныктайт. Мындан сырткары, жаштардын билим алуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн шарттар камсыздалат. Жаштардын коомдук иштерге катышуусун жакшыртуу, башка коомдун мүчөлөрү менен жаштардын кызматташуусун колдоо сыяктуу аракеттер көрүлөт. Ошондой эле жаштардын сергек жашоосун жана алардын спорт менен машыгуусун камсыздоо, спортту өнүктүрүү, жаштар чөйрөсүндө коомго каршы факторлордун(баңгизаттык, ичкилик)  жайылуу учурларын алдын алуу үчүн жаш кызматкерлердин, спорттук уюмдардын жана дарыгерлердин өз ара аракеттенүүсү боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлөт. Ошол эле учурда ыктыярчылыктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, волонтерлукту формалдуу эмес билим берүүнүн маанилүү формасы катары таануу жана жаш ыктыярчылардын эл аралык мобилдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер аткарылат.

Биз өлкөдөгү ишмердүүлүктүн бардык тармактары үчүн жаштар саясатынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, жаштардын аларга катышуусун колдоо, экономикалык жана социалдык салымдарын таануу жана  кесипкөйлүгүн камсыздоону максат кылабыз.

ЖЫЙЫНТЫК

Биздин партия Парламентке кирген учурда, жарыяланган багыттарды ишке ашыруу үчүн мыйзамдык базаны жаңыртуу, тармактык жана аймактык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу талап кылынат. Биз эффективдүүлүккө жана сапаттуу чечим кабыл алууга тоскоол болгон мыйзамдык ченемдерди  жоюуну сунуштайбыз. Коомдун пикирин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен жарандардын  саясатта болуп жаткан процесстер жөнүндө маалымат алып туруусу үчүн шайлоочуларыбыз менен системалуу диалог курмакчыбыз.

Бул ишмердүүлүк Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыктарына жооп берет жана алдыдагы пландарды биздин партиянын тарапташтары татыктуу деңгээлде аткарат деп ишенебиз. Ошондой эле  Кыргызстан орто мөөнөттүн аралыгында адилеттүү мамлекеттик башкарууга жана региондогу баардык багыттар боюнча өнүккөн мамлекетке айланат деп ишенебиз.

Бизин программаны жакындарыңыздар менен бөлүшүр коюңуз

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on telegram
Share on odnoklassniki
Share on vk